Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Айыл турмушу: Жаш ишкер Т.Жаныбаев окуучу кезинде жердештерине айыл чарба шаймандарын сатып киреше тапчу (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы айылынын 23 жаштагы тургуну Талгат Жаныбаев жеке ишкердик менен алектенип келет. Учурда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урматына кыргыз баалуулуктарын чагылдырган кол саат чыгарууда. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, 1995-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-башы айылында жарык дүйнөгө келген. 2013-жылы ушул эле айылдагы орто мектепти бүтүп, Бишкек гуманитардык университетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетин 2017-жылы аяктаган.

«Ишкердик менен мектепте окуп жүргөн кезимден бери алектенип келем. Алгач Бишкектен айыл чарба шаймандарын алып келип, жердештериме сатчумун. Кичине кезимден бери ишкердик менен алектенсем, башка адамдарга жумуш орундарын түзсөм деген ой-максаттарым бар болчу. Азыркы учурда Кыргызстанда ишкердик кылууну үйрөтүүчү университет же ушуга окшогон окуу жай жок болгонуна байланыштуу чет өлкөлөрдөгү онлайн окууларды окуйм. Бизнес боюнча китептерди окуп турам.

Азыркы учурда саат жана аксессуар саткан дүкөндү досторум менен бирге иштетебиз жана Кытайдан алып келген товарларды интернет-магазин аркылуу сатабыз. Учурда досторум менен Кытайдан товар алып келип, кол саат чыгарып жатабыз. Саат чыгарууну көптөн бери кыялданып жүрчүмүн. Герб түшүрүлүп, улуттук оймо-чиймелер менен кооздолгон сааттарды кыялданчу элем. Ал кыялым дагы ишке ашты. Бул биринчи эле чыгышы, эгер дагы суроо-талап болсо башкача моделдерин чыгарып баштайбыз. Дагы алдыда капчык, визиттик карта салгыч сыяктуу аксессуарлар дагы планда бар. Баарынын дизайны улуттук колоритте болот», - деди Т.Жаныбаев.

Каарманыбыз бош убактысында көп китеп окуп, тренингдерге катышарын кошумчалады. Ошондой эле үй-бүлөдө 5 бир тууган экенин жана алар Ат-Башы айылында турушарын билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 19601
×