Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Чүй

Айыл турмушу: Д.Еременка 10 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенип келет (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 38 жаштагы тургуну Дмитрий Еременка 10 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенип келет. Анын эмгектери 500 доллардан жогору бааланып сатылууда. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Чебер уста 1980-жылы аталган шаарда төрөлгөн.

«Мен жыгач устачылык менен 10 жылдан бери алектенип келем. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин учурунда атайын цехте иштедим. Андан соӊ өз алдымча иштеп кеттим. Ушул кол өнөрчүлүктүн ичинен мага жыгач менен иштөө абдан жагат. Ушунчалык жан дүйнөм менен берилип иштейм. Муну менен чогуу айыл чарба багытында ишкерлик кылам. Мисалы сүрөттөн көргөн күзгү салгыч (рамка) 600-700 долларга сатылат. Ал эми ак куунун элеси түшүрүлгөн отургуч 1 миң 500 доллардан бааланат. Баага чек жок.

Канчалык оор жана татаал жасалса, ошончолук кымбат болот. Мен жасаган буюмдардын башкалардан айырмасы эмнеде экенин билбейм. Бир билгеним, мен ар бир жасаган кол эмгегиме жан дүйнөмдү салып жасайм. Азыр атайын ушундай буюмдарды жасаган станоктук машиналар келип калды. Ошону менен жасап чыгарып жатышат. Бирок эмнегедир ал тирүү эмес. Көзгө жагымдуу көрүнбөйт», - деди ал.

Чебер уста үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1143
Көп окулду
×