Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Талас

Жаш талант: 16 жаштагы А.Искенова тогуз коргоол боюнча өлкө чемпиондугун багындырган (фото)

Turmush -  Талас районунун Кызыл-Туу айылынын 16 жаштагы тургуну Айдана Искенова тогуз коргоол боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектепте 10-класста окуйт.

«13 жашымдан баштап тогуз коргоол ойноп баштадым. Бул оюнду ойноого классташтарым түрткү болду. Алар тогуз коргоол боюнча ийримге барып ойношчу. Мен да барып, башкалардын ойногонун көрүп, кызыгып калдым. Тогуз коргоолдун өзгөчөлүгү — акыл-ойду өстүрөт. Тогуз коргоолду эсептеп ойнош керек. Көбүнчө математиканы билүү зарыл.

Эң биринчи жолу Бакай-Атадагы мелдеште 2-орунду ээлеп, кызыгуум күчөдү. Мектептен спорт оюндарынын баарына катышып, ойноп жүрөм. 2017-жылы ноябрь айында КРнын чемпионатында 1-орунду алып, Кыргызстандын чемпиону аталдым. Аны менен катар Моңголиядагы мелдешке катышууга жолдомо алдым. Буга чейин Талас облусунун чемпиону аталгам. Таластын ичинде оюндар көп болуп турат. Бардык оюндарда ийгиликтерге жетишип келе жатам. 2017-жылы өткөн Манас оюндарында Талас курама командасы 2-орунду алып, ар бирибизге 20 миң сомдон тапшырышкан.

2017-жыл мен үчүн жемиштүү жылдардын бири болду, көп ийгиликтерге жетиштим. Чоро уулу Нурдин агайыма, үй-бүлөмө терең ыраазычылыгымды билдирем. Алар мага жардам берип, көп колдоо көрсөттү», - деди ал.

Тогуз коргоолчу кыз келечекте экономист болгусу келет. Үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 302
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×