Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Видео, фото — Россияда учак кулап, 71 адам каза болду

Turmush -  Россиядагы Москва облусунун Раменское районунда 11-февраль күнү Орск шаарына учуп бара жаткан Ан-148 учагы кыйрады. Кырсыктын кесепетинен учактын ичиндеги 71 адам көз жумду. Алардын ичинен 6 адам экипаждын мүчөсү, калгандары жүргүнчүлөр болгон.

Кыргызстандын ӨКМнин маалыматына караганда, Саратов авиакаттамына таандык учак Москва шаарынан чыккан болчу.

РБК басылмасы Россиянын аба транспорт федералдык агенттигине шилтеме берүү менен билдиргендей, учак «Домодедово» аэропортунан учуп чыкканына бир нече мүнөт болгондо байланыш үзүлгөн. Аэропорттун маалыматына ылайык, учак Москва убактысы боюнча саат 14:21де (21 мүнөткө кечиккен) учуп кеткен. Анын кулагандыгы тууралуу биринчи маалымат түшкөндөн кийин окуя болгон жерге барган куткаруучулар Ан-148 учагынын калдыктарын табышкан.

Flightradar24 басылмасынын маалыматына караганда, учак 990 метр бийиктикте саатына 614 чакырым ылдамдыкта учкан. Кырсык болгон жерде полиция кызматкерлери жана куткаруучулар иштеп жатканын «РИА Новости» ИИМге шилтеме берүү менен билдирди.

Ал эми, Москва облусунун саламаттыкты сактоо министри Дмитрий Марков медицина кызматкерлери жана ӨКМдин куткаруучулары окуя болгон жерге жөө барууга аргасыз болгонун кошумчалады.

Учактын кыйроосу боюнча кылмыш иш козголуп, ишти териштирүү Россиянын тергөө комитетинин өзгөчө маанилүү иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2179
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×