Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баткен

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, контейнердин ордуна башка көпүрө коюлду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 10-февралда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал тынч. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Сада айылы менен Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун Пахтабад айылынын чектешкен аймагында жашоочулар күнүмдүн иштери менен алек, деп билдирди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы көпүрөгө байланышкан окуядан улам 8-февралда Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахматзоода телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ошондой эле, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов окуя болгон жерге барып, Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун акими менен жолугушту. Анын натыйжасында кыргыз тараптан көпүрө катары коюлган контейнер алынып, ордуна жаңы көпүрө куруу боюнча макулдашышкан.

Учурда Сада айылында электр энергиясы үзгүлтүккө учураган жок. Ошондой эле, жакынкы аралыкта таза суу тартуу жумуштарына даярдык көрүлүп жатат.

Бул жана башка маселелер боюнча А.Халмурзаев Лейлек районунун активи менен жолугушуп, жергиликтүү жетекчилерге бир топ тапшырмаларды берди.

Жергиликтүү тургундар эмне дешет?

8-февралда тажик чек арачылары Максат—Кулунду жолунун Лейлек районунун Сай аймагындагы көпүрөсүн тосуп алууга аракет кылышкан. Маалыматка караганда, Кулунду айылынын ылдый жагында 24 кожолук жашаган айыл бар.

«Ошол жердеги айылга өтүүчү Максат—Кулунду көпүрөсүнүн астына окуучулар үчүн контейнер орнотконбуз (Сада (Гуляндоз) каналы). Ал жерден жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол куруу керек болуп жатат. Ошол жердеги контейнерди алгыла деп тажик тараптын аскерлери Максат—Кулунду көпүрөсүн тосуп алыптыр. Азыр аларды биздин чек арачылар артка кайтарды», - деген Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы

Аталган окуядан бир нече сааттан кийин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тарап чек арадагы «Кулунду», «Кайрагач» көзөмөл-өткөрмө пункттарында унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү бир тараптуу түрдө убактылуу токтоткондугун кабарлаган.

Маалыматка караганда, «Кулунду» эл аралык пункт болгондуктан ал жерден үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары өткөрүлө берет. Мындан тышкары тажик тарап 8-февралда Лейлек районунун Сай аймагында аскерлердин санын көбөйткөн.

«Тургундар Сада (Гуляндоз) каналы аркылуу окуучулар өтүшү үчүн көпүрө курушкан. Анткени алар мектепке баруу үчүн узун жолду айланып каттоого мажбур болушчу. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, тажик чек арачылары окуучулардын катташына кыйынчылыктарды жаратат.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолугушуп, чек арадагы абалды жөнгө салуу маселесин талкуулаганы жатат. Учурда абал тынч», - деп айтылган маалыматта.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр

Turmush басылмасынын өздүк маалыматтарына караганда, сүйлөшүүгө кыргыз тараптан Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Алишер Абдурахманов, Баткен чек ара отрядынын жетекчиси Замир Мийзаев, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов катышкан. Тажик тараптан Согдий облусунун Бободжон Гафуров районунун акими Зариф Назири баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болду. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында сууга көпүрө катары орнотулган контейнерди алып, ордуна көпүрө куруу макулдашылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1609
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×