Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Чек ара: Лейлекте көпүрө ордуна коюлган контейнер аскерлердин кагылышуусуна себеп болуп кала жаздады (фото)

Turmush -  Мамлекеттик чек ара кызматы Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч экендигин билдирди.

Маалыматка караганда, көзөмөл-өткөрмө пункттар штаттык режимде иштеп жатат. Кыргыз чек арачылары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Turmush басылмасы кечээ, 8-февралда болгон окуянын чоо-жайын тактады.

Жергиликтүү тургундар эмне дешет?

8-февралда тажик чек арачылары Максат—Кулунду жолунун Лейлек районунун Сай аймагындагы көпүрөсүн тосуп алууга аракет кылышкан. Маалыматка караганда, Кулунду айылынын ылдый жагында 24 кожолук жашаган айыл бар.

«Ошол жердеги айылга өтүүчү Максат—Кулунду көпүрөсүнүн астына окуучулар үчүн контейнер орнотконбуз (Сада (Гуляндоз) каналы). Ал жерден жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол куруу керек болуп жатат. Ошол жердеги контейнерди алгыла деп тажик тараптын аскерлери Максат—Кулунду көпүрөсүн тосуп алыптыр. Азыр аларды биздин чек арачылар артка кайтарды», - деген Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы

Аталган окуядан бир нече сааттан кийин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тарап чек арадагы «Кулунду», «Кайрагач» көзөмөл-өткөрмө пункттарында унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү бир тараптуу түрдө убактылуу токтоткондугун кабарлаган.

Маалыматка караганда, «Кулунду» эл аралык пункт болгондуктан ал жерден үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары өткөрүлө берет.

Мындан тышкары тажик тарап 8-февралда Лейлек районунун Сай аймагында аскерлердин санын көбөйткөн.

«Тургундар Сада (Гуляндоз) каналы аркылуу окуучулар өтүшү үчүн көпүрө курушкан. Анткени алар мектепке баруу үчүн узун жолду айланып каттоого мажбур болушчу. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, тажик чек арачылары окуучулардын катташына кыйынчылыктарды жаратат.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолугушуп, чек арадагы абалды жөнгө салуу маселесин талкуулаганы жатат. Учурда абал тынч», - деп айтылган маалыматта.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр

Turmush басылмасынын өздүк маалыматтарына караганда, сүйлөшүүгө кыргыз тараптан Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Алишер Абдурахманов, Баткен чек ара отрядынын жетекчиси Замир Мийзаев, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов катышкан. Тажик тараптан Согдий облусунун Бободжон Гафуров районунун акими Зариф Назири баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болду. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында сууга көпүрө катары орнотулган контейнерди алып, ордуна көпүрө куруу макулдашылды.

Жергиликтүүлөрдүн пикири

Айылдын тургундарынын айтымында, контейнер коюлган жер Кыргызстандын аймагы болуп эсептелет. Тажикстандын чек арасы аталган каналдын жээгинен ары 300-500 метрден кийин башталат.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Шаирбек Орозалиевдин айтымында, эки тараптуу макулдашуунун алкагында мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктаганга чейин аталган тилкеде объекттер курулбашы керек.

Бирок элеттиктердин пикиринде тажик тарап айылдыктарга басым жасоого аракет кылууда. Каналга көпүрө куруу боюнча маселе көп убакыттан бери каралып келген. Кийин убактылуу контейнер орнотууну чечишкен.

Контейнердин орнотулушу тажик чек арачыларына жакпай калып, алар Максат–Кулунду жана Кольцо–Исфана унаа жолун жабууну чечишкен. Мунун айынан Арка, Кулунду, Бешкент жана башка калк жашаган айрым аймактар бир нече саатка кыргыз анклавына айланып калды.

Айылдыктар эгер Сүлүктү шаары аркылуу жол курулуп калса мындай көйгөйлөр болбойт деп эсептешет.

Сада аймагында жашаган окуучулар Кулунду айылындагы мектепке баруу үчүн күн сайын 4 км жол жүрүшөт. Көпүрө болсо бул аралык 1,5 км кыскарат.

Кулунду айылындагы мектеп

Элеттиктердин маалыматына караганда, кечээги сүйлөшүүлөрдөн кийин контейнер алынып, анын ордуна 1 гана адам өтө турган көпүрө коюлду. Көпүрө курулган каналдын узундугу — 34 км. Тажик тарап сууну транзит менен алат.

Айылдыктар эмне үчүн бийлик өзүнүн аймагында талапка ылайык көпүрө кура албай жатканын түшүнө албай келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4367
Көп окулду
×