Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Жаш талант: Баткендик 9 жаштагы Элмирбек аккордеон ойноп, ырчылык талантын такшалтууда (видео)

Turmush -  Баткен районунун Зарташ айылынын 9 жаштагы тургуну Элмирбек Абдибаитов аккордеон ойноп, ырчылык талантын такшалтууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Атасы Эмилбек Абдибаитовдун айтымында, уулу аккордеон черткенди 7 жашында үйрөнө баштаган. Учурда айылдагы Ж.Байжигитов атындагы орто мектепте 3-класста окуйт.

«Музыкалык жөндөм чоң атасынан өткөн. Үй-бүлөбүздө ыр жандуулар абдан көп. Жубайым Жумагүл комузда бир аз болсо да кол ойното алат. Таякеси Элкебай Заилов аккордеонду жакшы ойнойт. Ал өз алдынча обондорду да жазат. Атам дагы ыр жандуу адам. Балама жаштайынан эле обондуу көп ырларды жаттаткан. Ошондуктан балам дагы ыр жандуу болуп чоңойду. 7 жашынан баштап аккордеон черткенди таякесинен үйрөнө баштады. Нота менен эмес, угуу жөндөмдүлүгү менен үйрөнүп жатат. Азыркы күндө өзү каалаган обондуу ырды чертип, ырдай алат. Биз дагы баламды аккордеон ойнотуп, ырдатып турабыз», - деди ал.

Элмирбек үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Т.Колдошевдин «Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?» чыгармасы Элмирбектин аткаруусунда

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 638
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×