Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Баткен

Видео — Тажик чек арачылары Лейлектин Сай аймагындагы көпүрөнү тосуп алууга аракет кылышты

Turmush -  Бүгүн, 8-февралда тажик чек арачылары Максат—Кулунду жолунун Лейлек районунун Сай аймагындагы көпүрөсүн тосуп алууга аракет кылышты. Бул тууралуу Кулунду айыл өкмөтүнөн билдирди.

Маалыматка караганда, Кулунду айылынын ылдый жагында 24 кожолук жашаган айыл бар.

«Ошол жердеги айылга өтүүчү Максат—Кулунду көпүрөсүнүн астына окуучулар үчүн контейнер орнотконбуз. Ал жерден жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол куруу керек болуп жатат. Ошол жердеги контейнерди алгыла деп тажик тараптын аскерлери Максат—Кулунду көпүрөсүн тосуп алыптыр. Азыр аларды биздин чек арачылар артка кайтарды», - деди Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев.

Учурда Максат айылында абал тынч. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган жайда жүрүшөт.

Окуучулар каттаган көпүрө

Тасма жергиликтүүлөр тарабынан тартылды

Буга катар Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тарап бир тараптуу түрдө чек арадагы «Кулунду», «Кайрагач» көзөмөл-өткөрмө пункттарында унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтоткондугун кабарлады. «Кулунду» эл аралык пункт болгондуктан ал жерден үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары өткөрүлө берет.

Тажик тарап бүгүн, 8-февралда Лейлек районунун Сай аймагында аскерлердин санын көбөйттү.

«Тургундар Сада (Гуляндоз) каналы аркылуу окуучуларды өткөрүү үчүн көпүрө курушкан. Анткени алар мектепке баруу үчүн узун жолду айланып каттоого мажбур болушчу.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, тажик чек арачылары окуучулардын катташына кыйынчылыктарды жаратат.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолугушуп, чек арадагы абалды жөнгө салуу маселесин талкуулаганы жатат. Учурда абал тынч», - деп айтылат маалыматта.

Тасма Кыргызстан тараптан тартылган

Мамлекеттик чек ара кызматы саат 18:00 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында тажик тарап көпүрөнү ачып, аталган аймактан кетишкендигин кабарлады.

Максат айылынын тарыхы:

Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылы мындан 20 жыл мурун түптөлгөн. Максат айылы түштүгүнөн Тажикстандын Овчикалача айылы менен чектешет. Эки айылдын ортосун чоң жол гана бөлүп турат.

Село Кулунду Лейлекского района

Айыл чек арада жайгашкандыктан кооптуу аймактардын бири катары эсептелет. 2014-жылдын август айында Максат айылында жайгашкан «Достук» көпүрөсүн куруу учурунда эки тараптуу атышуу болуп, кан төгүлгөн. Ошондон улам аталган аймакта чек араны бекемдөө зарылчылыгы курч бойдон турат.

Максат айылы 1993-94-жылдары мурунку президент Аскар Акаевдин демилгеси менен түптөлгөн. Ал кезде ӨКМ тарабынан 60 үй курулуп, ага Лейлек районундагы кырсыктан жабыркаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр көчүрүлгөн. Ошондон тарта айылды түптөө иштери жанданган эле.

Айыл тургундарынын айтымында, Тажикстан менен болгон чек араны бекемдөө максатында айыл Максат деп аталып калган. Максат айылынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында мектеп, ФАП, бала бакча жана башка мамлекеттик мекемелердин имараттары курулуп, пайдаланууга берилген.

«Элди суу менен камсыз кылуу жана жерлерди туура бөлүштүрүү иштери гана калды. Эгерде бул маселелер чечилсе Максат айылы өз максатына жетет», - дешет тургундар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6382
Көп окулду
×