Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 08.02.2018 13:15

Кадамжайда 3 унаа катышкан кырсыктан 1 адамдын буту сынды

Turmush -  Кечээ, 7-февралда Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында 3 унаа катышкан кырсыктан 1 адам жаракат алды. Бул маалыматты Кадамжай РИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, кечки саат 20:15 чамасында «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа «Фольксваген» үлгүсүндөгү унаага урунуп, «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон. «ДЭУ Матиз» жол четиндеги адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучунун буту сынып, Кадамжай аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда бул боюнча милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×