Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Баткендин Согмент айылындагы маданият үйү СССР учурунан бери авариялык абалда турат

Turmush -  ӨКМ Баткен районунун Согмент айылындагы маданият үйү кооптуу абалда экенин жергиликтүү бийликке эскертти. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 350 орундуу маданият үйү СССР учурунда эле авариялык абалга келген.

«Кыштут айыл өкмөтүндөгү маданият үйү 1957-жылы курулуп, СССР убагында кызмат кылган. Кийин эскилиги жетип, колдонуудан чыккан. Учурда чатырынан суу агып, полдору чирип, дубалдары урап, кооптуу абалда турат. Табигый кырсыктан эле эмес, өзү да кулап кетүү коркунучу бар. Ошондуктан жергиликтүү бийликке эскертүү бердик», - деди ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын кызматкери Туратбек Турдуев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 993
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×