Turmush — Кызыл-Кыя шаарынын 18 жаштагы тургуну Бегимай Белекова «Мисс Ош 2018» сулуулук сынагында «Биринчи вице-мисс» наамын жеңди. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, учурда Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинде 1-курста окуйт.
«Бул сынакка катышуу оюмда жок эле. Кинотеатрдан сынакты уюштурган эже менен таанышып калдык. Ал мага сынакка катышууну сунуштаган. Андан кийин кастингден өтүп, кыздар менен чогуу даярданып баштадым. Мен бул сыяктуу сынакка биринчи жолу катышканыма байланыштуу анын баардык тапшырмалары оор болду. Жакын адамдарым, үй-бүлөмдүн колдоосу ал кыйынчылыктарды жеңгенге чоң жардам берди. Алардын колдоосу менен жакшы ийгиликке жетиштим», - деди ал.
Аталган сынактан кийин ага «Кыргызстан сулуусу 2018» сынагына катышууга мүмкүнчүлүк берилген. Бирок ал сынакка катышууну каалаган жок.
«Музыкалык мектепте комуз жана фортепиано ойногонду үйрөнүп, 4 жыл окудум. Бош убактымда айымдарды сулуулаганды жакшы көрөм. Алдыга койгон максаттарым көп. Келечекте өз кесибимдин мыкты адиси болгум келет. Мен багындыруучу ийгиликтер али алдыда», - деди ал.
Бегимай үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү.
Буга чейин Ош шаарында өткөн «Мисс Ош 2018» сулуулар сынагында 1-орунду Баяна Сактанова ээлеп, «Мисс Ош 2018» наамына татыктуу болгондугун сынактын уюштуруучусу Наргиза Кубанычбекова кабарлаган.
Ал, «Биринчи вице-мисс» наамын Бегимай Белекова ээлесе, «Экинчи вице-мисс» наамын Аксаамай Абдугапарова жеңгендигин айткан.
Сынакка 13 жаштан 25 жашка чейинки 13 кыз катышкан. Анда кыздар саламдашуу, өз талантын көргөзүү, флешмоб бийи жана кече көйнөктөрүн көрсөтүү шарттарын аткарышкан. Жеңүүчүлөр «Мисс Кыргызстан 2018» сынагына катышууга жолдомо алышкан болчу.