Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 07.02.2018 11:29

Баткенде январь айында жол эрежесин бузган 3,5 миң айдоочу кармалды

Turmush -  2018-жылдын январь айында Баткен облусунда жол эрежесин бузган 3614 адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын өкүлү Чолпонбай Арстанбеков билдирди.

Анын айтымында, кармалган айдоочуларга протоколдор түзүлгөн. Алардын ичинен 76 айдоочу мас абалда унаа башкарганы такталган. Жалпы 160 унаа айып аянтына киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×