Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 07.02.2018 10:35

Мекендештер: Кызыл-кыялык Ж.Абдухаликова Москвада адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүүдө (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында чоңойгон Жибек Абдухаликова Москвадагы ооруканада дарыгер болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда 27 жашта. Медициналык окуу жайды 2015-жылы аяктаган.

«Бала кезден дарыгер болууну каалачумун. Апамдын өмүрүн куткарып калган дарыгерлерди көрүп, келечекте дарыгер болуп, башкалардын өмүрүн сактап калууга ого бетер каалоом күчөдү. 1-класстан 8-класска чейин Кызыл-Кыя шаарындагы мектепте окудум. 2005-жылы Бишкекке келип, медицинага басым жасап окуткан лицейден окуй баштадым. Ал жерде бизге химия менен биологияны тереңдетип окутушчу. 10-классымда кардиологиялык жандандыруу бөлүмүндө биринчи практикамды өтөп, көп тажрыйба алдым. 2008-жылы лицейди аяктап, Кыргыз-Орус Славян университетинде дарылоо иши адистигинде билим ала баштадым. Университетте анатомия, физиология, клиникалык медицина сыяктуу сабактарды окуп, адамдын организми уникалдуу экендигин билдим. Медицинада окуу оңой эмес, ар ким аягына чейин чыдай бербейт. Менде да баарын таштап салгым келген кыйын учурлар болгон. Бирок кыйынчылыктар адамды күчтүү гана кылат. Аракеттеримдин акыбети кайтып, университетти 2015-жылы аяктадым», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле окуусун Москвадан уланткандыгын кошумчалады.

«Андан ары менин сапарым Москвада уланды. 2015-жылы Н.И.Пирогов атындагы медициналык университетке неврология адистигине тапшырдым. Анткени адамдын мээсинде ачыла эле өтө көп сырлар болгондуктан ушул тармакты тандадым. Биринчи жылдагы ординатураны ооруканалардын бириндеги инсульттук бөлүмдө өтөп, өз алдынча иштеп, туура дарылоону үйрөндүк. 2017-жылы ординатураны аяктап, инсульттук бөлүмдө иштеп калдым.

Алдыга койгон пландарым абдан чоң. Аспирантурага тапшырып, неврологияда жаңы ачылыш жасап, медицинада өзүмдүн изимди калтыргым келет. Кыргызстанда инсульт менен ооругандар көп. Реабилитациялык борбор ачкым келет.

Медициналык факультетке тапшырууну каалагандарга туура тандоо жасап, чыдамкай, аракетчил болууну кеңеш берем. Анткени бул жолдо моралдык көп кыйынчылыктар болот. Мен бул кесипке ээ болуу үчүн 9 жылымды окууга кетирдим. Буга карабастан мен өзүмдүн кесибимди жакшы көрөм. Биринчи кезекте мен ата-энеме, сиңдилериме, мугалимдериме жана жакындарыма моралдык колдоолору үчүн ыраазымын», - деди ал.

Дарыгер бийкеч үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×