Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Кадамжай шаарынын кире беришинде кайрадан унаа кырсык катталды

Turmush -  Кечээ, 6-февралда Кадамжай шаарынын кире беришинде кайрадан бензин ташыган унаа кырсыкка учурады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлады.

Маалыматка караганда, унаа оодарылып кетип, күйүүчү май төгүлгөн.

«Унаалардын токтоткучу жакшы иштебей калып, кырсыктар болуп жатат. Себеби ал жер ылдый. Эл бир канча жолу Транспорт министрлигине кайрылган менен жыйынтык чыккан жок. Тосмо куруп, кырсыктардын алдын алынышы зарылдыгын да айтканбыз. Анткени ушул жердин айынан адамдардын өмүрү кыйылып жатат», - деди алар.

Бул жердеги кырсыктардан улам Кадамжай шаарынын тургундары мурда митинг дагы өткөргөн болчу.

Окуя тууралуу:

ӨКМ Ош—Баткен—Исфана унаа жолунун 125-чакырымында «Renault» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру B17-98АI) күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткендигин билдирген.

Маалыматка караганда, жол кырсык 6-февралда саат 12:00 чамасында Пүлгөн айылында катталган. Унаада 38 тонна солярка болгон, анын болжол менен 8,2 тоннасы төгүлгөн.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин Кадамжай райондук №76 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ӨКМдин №3 өзүнчө-мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 7 куткаруучу, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 кран жана №46 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, саат 15:06да унаа тургузулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 704
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×