Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Баткен

Ош—Баткен—Исфана жолунда 38 тонна солярка жүктөп бараткан унаа оодарылып кетти

Turmush -  Ош—Баткен—Исфана унаа жолунун 125-чакырымында «Renault» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру B17-98АI) күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык 6-февралда саат 12:00 чамасында Пүлгөн айылында катталган. Унаада 38 тонна солярка болгон, анын болжол менен 8,2 тоннасы төгүлгөн.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин Кадамжай райондук №76 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ӨКМдин №3 өзүнчө-мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 7 куткаруучу, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 кран жана №46 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, саат 15:06да унаа тургузулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1227
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×