Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик М.Козубаев 50гө жакын обондуу ырдын автору (фото)

Turmush -  Баткендик 56 жаштагы Мамажан Козубаев 50гө жакын обондуу ырдын автору. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1987-жылы Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумун аяктаган. Учурда А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрда иштейт. Чыгармаларын «Кыз Бурак» тобу, ырчы жана куудул Б.Кудайбергенов аткарып жүрөт. Белгилүү ырчылар ыр жазып берүүнү суранып калышат. Ырларын башкалардай акчага эмес, жөн гана адамгерчилик үчүн берет. Ырчылыктан тышкары театрда «Өксүгү күчтүү өмүр», «Алымкул аталык» драмаларында роль аткарат.

«1983-жылдан баштап райондук маданият үйүндө иштеп, 1990-жылдан баштап обон жаза баштадым. Жаш кезимден эле Жолдошбек Мамажановдун ырларын угуп чоңойдум. Бүгүнкү күндө жазган обондорум, ырларым анын стилине окшоп кетет. Зайырбек Султанов чыгармачылык жактан багыт көрсөттү. Мен да чыгармачылык жаатында билгендеримди А.Исаева, Б.Карабаева сыяктуу жаштарга устат катары үйрөтүп келем. Учурда Баткен облустук А.Жайнаков атындагы драм театрда музыкалык бөлүмдүн башчысы катары эмгектенип жатам», - деди ал.

Ырчы-актер жубайы Рахима Түркбаева экөө 2 кыз, 2 уул, 4 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 563
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×