Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуБаткен району 06.02.2018 14:24

Фото — Баткендин Кара-Булак айылындагы жаңы мектеп колдонууга берилди

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылындагы С.Эрматов атындагы орто мектептин жаңы имараты 5-февралда колдонууга берилди. Бул тууралуу мектептин директору Таалайбек Эрматов билдирди.

Анын айтымында, 51 млн 375 миң сомдук типтүү мектептин курулушу 2014-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. Имарат 375 орунга ылайыкташтырылып, учурда 396 окуучу билим алууда.

«Мектептин курулушу бүткөрүлүп, 5-февралдан баштап окуучулар жаңы мектепте окуй башташты. Учурда анда бардык шарттар камсыздалган, жылуулук системасы да жакшы», - деди директор.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 29-январда жергиликтүү тургундар аталган мектептин курулушу 4 ай мурда аяктаса да колдонууга берилбей жатканын билдиришкен. Алар окуучулар 1978-жылы курулган эски мектепте окуп жатышкандыгын айтышкан.

«Курулуш бүтүп даяр турат. Бирок окуучулар дагы деле эски мектепте окуп жатышат. Көмүр жагылган 3 кабаттуу мектеп окуучусу жок турат. Октябрь айында ачылышы болот деп айтылган. Ачылышы болбоду, январда дешти, анда да ачылган жок», - деген айыл тургуну Абдиллаким Абдураимов.

Мектеп директору Таалай Эрматов мектепти президенттик шайлоонун алдында ачмак болушкандыгын айткан.

«С.Эрматов атындагы орто мектеби 1978-жылы курулган. Мектеп эски болгондуктан бир имараты жарактан чыккан. Ага окуучулар батпай, 3 кабаттан турган 375 орундуу мектептин курулушу 2014-жылы башталган. Өткөн жылдын октябрь айында толук курулушу аяктап, колдонууга даяр болду. Президенттик шайлоонун алдында президент келип ачып бермек болгон. Бирок ачылышы болбой калды, эми ачылат. Мектеп толугу менен даяр», - деген Эрматов.

Кара-Булак айылында бул мектептен сырткары дагы бир мектеп бар. Айылда жалпы 500дөн ашуун окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×