Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Эл ичи — өнөр кенчи: Айдаркендик тиш дарыгер Асланбек актерлук менен да алектенүүдө (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Айдаркен шаарында чоңойгон 23 жаштагы Асланбек Маараимов тиш дарыгери кесиби менен бирге актерлук менен да алектенүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Бишкек шаарындагы окуу жайлардын биринде тиш дарыгери кесиби боюнча билим алууда. Окуудан тышкары билим берүү борборлорунун биринде түрк тили жана химиядан сабак берет.

«Жаш кезимден эле ар тараптуу болууга аракет кылчумун. Спорттун эркин күрөш түрү менен 5 жыл тынымсыз машыккам. Андан сырткары кол күрөш боюнча Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду алып жана көптөгөн мелдештерге катышып жүрдүм. Окуудагы жетишкен ийгиликтерим үчүн стипендия алып, Дубай, Казакстанга чейин барып келдим. Орус, түрк тилдеринде эркин сүйлөйм. Дагы чет тилин үйрөнүп жатам», - деди ал.

Асланбек айрым кийимдерди жарнамалап, клип жана социалдык роликтерге тартылган.

«Теледен чыгууну кыялданчумун. Сахнага биринчи жолу 2014-жылы «Мистер Кыргызтан 2014» сынагында чыккам. Кийин Ассоль Молдокматованын моделдик агенттигине чакырылып, кийимдерди жарнамалап жүрдүм. Учурда актерлук өнөрүм менен кыска социалдык роликтер, тасмалар жана клиптерде каарман болуп башкы ролдорду аткаруудамын. Бирок алдыга койгон максатым Дубайда тиш дарыгери болуп иштеп, тажрыйба топтоп келип, кыргыз элиме кызмат кылсам дейм. Шоу бизнесте мыкты актер болуу хоббим деп эсептейм. Булардан тышкары дүйнө кыдырып саякаттоону жактырам», - деди ал.

Тиш дарыгер-актер үй-бүлөдө 6 бир тууган. 1 эже, 1 агасы бар жана 1 ини, 2 карындашы бар. Атасы Асил Маараимов кесиби боюнча тиш доктур. Апасы Гүлнара Дыйканова үй кожойкеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2463
×