Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Баткен

Фото — Айгүл-Таш—Согмент—Таян жолу толук курулуп бүтпөй, эл кыйналып жатат

Turmush -  Айгүл-Таш—Согмент—Таян унаа жолунун абалы начар болгондуктан Баткенге каттаган 10дон ашык айылдын элине кыйынчылык жаралууда.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, жолдун пайдаланууга берилгенине 10 жылга чамалап калды. Бирок ушул убакка чейин курулуш иши толук аяктабай, жолдун абалы начар. Учурда бул жолдон Баткен районунун 10дон ашык айылындагы тургундар шаарга каттайт. Абалы начар жол 30 миңдей адамды жүдөтүүдө.

«Эл аргасыздан катташат. Буга чейин Баткен шаарына Сох менен өтчүбүз. Чарбак окуясынан кийин пост жабылып, жаман болсо да өз жолубуз деп каттап калдык. Азыр кышында муз тонот, жазында чаң каптаса, жаанда ылай болот. Асфальт да төшөлгөн эмес», - деди Согмент айылынын тургуну Алмаз Улукбеков.

Ош—Баткен—Исфана унаа жолдор башкармалыгынын башкы инженери Икрам Акматовдун айтымында, Айгүл-Таш—Согмент—Таян жолунун узундугу 20 чакырымды түзүп, 9 жылдан бери курулушу бүтпөй турат.

«Жолдун курулушу 2009-жылы башталган. Сметалык баасы 237 млн сомду түзгөн. Бирок 119 млн сомдук иштер бүткөрүлгөн. Өткөн жылы 8 млн сомдук иш аткарылып, быйылкы жылга акча бөлүнгөн жок. Акча каражаты бөлүнсө тез бүткөрүлөт», - деди Акматов.

2012-жылга чейин Дара, Кыштут айыл өкмөтүндөгүлөр Өзбекстандын Сох районунан гана катташчу. 3 тарабын тоолор курчап тургандыктан район борборуна баруу үчүн кошуна өлкөнүн чек арачыларынын кысымына кабылып келишкен. Чек арадан өткөн учурда сааттап кезек күтүп, ыксыз текшерүүлөргө туш болушчу. 2012-жылдагы Чарбак окуясында чек аралар жабылып, чек аралаш 10 айылдын транспорттук каттамы үзүлгөн. Мындан улам көз карандысыз Айгүл-Таш—Согмен—Таян жолу пайдаланууга берилген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1231
Көп окулду
×