Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусуБаткен району 05.02.2018 11:46

Айыл турмушу: Баткендик К.Сүйүнов үй-бүлөсү менен күнүнө 2 кап ундан нан жасайт (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Курсан Сүйүнов үй-бүлөсү менен күнүнө 2 кап ундан нан жасап сатып киреше табууда. Аймактык кабарчы наабайчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, үй-бүлөсү менен нан жасап сата баштаганына 8 жыл болду. Бирөө камырын кылса, баласы нанды жабат. Башка мезгилде күнүнө 3-4 кап ундан нан жасашат. Азыр кыш болгондуктан 1-2 кап ундан гана жасалып жатат.

1 кап ундан 300 даана нан жасалып, ар бир нанды 10 сомдон сатышат. 1 кап ундан 3000 сом акча түшсө, таза киреше 1000 сомго жакын болот.

Курсан Сүйүнов жубайы, баласы үчөө иштеп, өздөрүнө киреше тапкандан тышкары бир кызын окутууда.

«Башка мамлекетте мигрант болуп жүргөндөн көрө өз жериңде жумуш таап иштеп, тиричилик өткөрсө болот», - деди наабайчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×