Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 02.02.2018 17:44

Кадамжайдын Алга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Ж.Дыканов шайланды

Turmush -  Бүгүн, 2-февралда Кадамжай районундагы Алга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Жыргал Дыканов шайланды. Бул тууралуу Кадамжай райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кызматка Жыргал Дыканов менен Абдырахман Бөрүбаев талапкерлигин койгон. Шайлоого жергиликтүү кеңештеги 21 депутаттын ичинен 19 эл өкүлү катышып, Жыргал Дыкановго 11 добуш, Абдырахман Бөрүбаевге 8 добуш берилди.

1985-жылы туулган Жыргал Дыканов буга чейин Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Айдаркен, Кызыл-Кыя, Кадамжай району боюнча аймактык башкармалыгында эмгектенген. Мурдагы айыл өкмөт башчысы Жумабай Дубанаев 15-январда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×