Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Айыл турмушу: Кызыл-кыялык Ч.Садыбакасова кыз-келиндер үчүн ар кандай кооздуктарды жасайт (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 25 жаштагы тургуну Чынара Садыбакасова Ош шаарында кыз-келиндер үчүн кооздуктарды жасап сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, сөйкөлөр 200 сомдон жогору бааланса, таажылар 2000 сомго чейин бааланат. Кооздуктарды жасоодон тышкары чач жасалгалайт.

«Кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуум кичинекей кезимден эле башталган. Биздин жумушта фантазия күчтүү болушу керек. Учурда айымдардын көркүн ачуучу чач жасалгаларын, сөйкө, таажы, билерик сыяктуу буюмдарды жасайм. Кооздуктарды жаратуудан рахат алам. Кардарларым жасаган буюмдарымды кубануу менен колдонуп жүргөнү мен үчүн сыймык. Кол өнөрчүлүктөн тышкары Ош шаарында сулуулук салондорунун биринде чачтарач болуп иштейм», - деди ал.

Чынара үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 967
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×