Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 01.02.2018 15:46

Кадамжайлык 22 жаштагы жигит өзүнүн бөлмөсүндө иске ууланып каза болду

Turmush -  Кадамжай районундагы Өрүкзар айылында иске ууланган 22 жаштагы жигит көз жумду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадамжай районундагы бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, окуя 26-январь күнү болгон.

1996-жылы туулган А.У. көз жумгандан кийин тиешелүү адистер текшерүү жүргүзүп, ата-энесинин уруксаты менен эртеси күнү жерге берилген.

Маалыматта айтылгандай, маркум 26-январь күнү кечке чейин достору менен жүрүп, түндө үйүнө барып жаткан. Суукка байланыштуу уктар алдында электр тогу менен иштеген мешти күйгүзгөн. Түн ичинде ал жамынган жууркан электр мешинин үстүнө кулап түшүп, бөлмөнү түтүн каптаган. Эртең менен атасы киргенде уулу иске ууланып, бөлмө түтүнгө толуп калганын көргөн.

Маркумду дароо жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна алып барышканы менен дарыгерлер бир нече саат мурун көз жумганын айтышкан. Тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин анын өлүмүнө иске уулануу себеп болгону аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×