Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 31.01.2018 15:48

Айыл турмушу: Баткендик А.Аманбаев алтын-күмүш буюмдарды жасап, жумасына 5000 сомго чейин табат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну Асан Аманбаев алтын-күмүштөн ар кандай сөйкө-шакек, мончокторду жасап сатат. Аймактык кабарчы зергер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, зергерчилик менен алектенгенине 10 жыл болду. Мектепте окуп жүргөн учурунда эле сыналгы, муздаткыч сыяктуу үй тиричилик буюмдарын оңдочу. Зергерчиликке аралашкандан бери 200гө жакын аялга сөйкө-шакектерди жасап берди. Учурда Баткен шаарында атайын зер буюмдарды оңдоп-түздөөчү жай ачып иштетип жатат. Кардарлар эскирген буюмдарын оңдотуп же кайрадан жаңы кылып жасатып кетишет. Алтын буюмдарды оңдоого 500 сомдон 1000 сомго чейин акы алат. Күмүш буюмдар 100 сомдон 500 сомго чейин оңдолот.

Уста жумасына 5000 сомго чейин киреше табат. Жубайы Назгүл Кудайбердиева экөө 2 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×