Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баткен

Баткендеги сейил бакта отургучтарды белгисиз адамдар талкалап кетишти

Turmush -  Баткен шаарындагы «Жеңиш» сейил багындагы отургучтарды белгисиз бирөөлөр талкалап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, отургучтардан тышкары таштанды таштоочу урналар да талкаланган.

Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык курулуш башкармалыгынын башчысы Акрам Акматовдун айтымында, шаардык мэрия тарабынан 103 отургуч, таштанды таштоочу урна жасатууга буйрутма берилип, анын ичинен 95 урна коюлган. «Жеңиш» сейил багындагы 15ке жакын отургучтар жана таштанды таштоочу урналарды талкалап кетишкен. Буга чейин да бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылышкан. Натыйжада шектүү катары өзү тарткан тасмасы аркылуу студент жигитти кармашкан. Ал жерде негизинен 12-15 бала болгон. Бирок кармалган бала баарын өзүм жасадым деп мойнуна алып, жоопкерчилике тартылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 879
Көп окулду
×