Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусу 31.01.2018 14:19

Афганистанда 7-8 баллга жеткен жер титирөө катталып, Ош жана Баткен облустарында 2,5-3 баллга сезилди

Turmush -  Бүгүн, 31-январда Ош жана Баткен облустарындагы тургундар 2,5 - 3 баллдык жер титирөөнү сезишти. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок, деп билдирди ӨКМ.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун болжолдуу маалыматы боюнча, саат 13:07де Афганистан Республикасынын аймагында очогундагы күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын күчү Кыргызстандын аймагында да сезилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×