Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Баткен облусунда 2018-жылда аткарыла турган иштер талкууланды

Turmush -  Баткен облусунда 2018-жылда аткарыла турган иштер талкууланды. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ар бир аймактын климаттык шартын, өзгөчөлөгүн жана талаптарын эске алып, айыл чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселеси каралды. Билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелериндеги шарттарды жакшыртуу да талкууланды.

Ошондой эле, дыйкан-фермерлерге, ишкерлерге түзүлүп жаткан жеңилдиктер, миграцияны токтотуу, иш орундарын түзүү маселелери боюнча чараларды көрүү пландалды. Агрардык аймак болуп саналган облустун аймагында эгин талаалардын аянтын кеңейтүү, суу тартыш аймактарда тамчылатып сугаруу системасын жайылтууну колго алуу зарылдыгы айтылды.

Жыйынга облус жетекчиси А.Халмурзаев баш болгон акимдер, мэрлер, айыл өкмөт башчылары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 432
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×