Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Кадамжайдагы кызматкерлер Ош—Исфана жолунун боюнан 6 унаа таштанды тазалашты

Turmush -  Кадамжай районундагы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери Ош—Исфана унаа жолунун боюндагы таштандыларды тазалашты. Бул тууралуу Кадамжай шаарынын мэри Бакытбек Бегалиев билдирди.

Маалыматка караганда, ишембиликтин алкагында 6 унаа таштанды тазаланды.

«Бүгүн таштандыларды араң тазалап бүтсөк, жүргүнчүлөр дагы 6 кап таштанды таштап кетиптир. Негизи шаардык тазалык ишканасы айына 2 жолу Ош—Исфана жолунун боюндагы таштандыларды тазалап турат. Бирок эл өздөрү тазалыкты сактабай жатат. Таштандыны ар кайсыл жерге башаламан таштап кетишет. Андыктан жакынкы арада жол боюна да атайын таштанды таштоочу жайларды орнотууну көздөп жатабыз», - деди Бегалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 612
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×