Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Баткен

Айыл турмушу: 18 жаштагы балбан Намысбек эми эр таймаш менен алектенүүдө (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 18 жаштагы тургуну Намысбек Ибраимов күрөш менен машыгып, учурда эрежесиз эр таймаш менен алектенүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Жалал-Абад облусунун Куйбышев айылында туулган. Кызыл-Кыя шаарында 4 жылдан бери жашап келет.

«Негизи спортко болгон кызыгуума атам түрткү болгон. Өзүм да башка спортчуларды көрүп, алардай болууну каалачумун. Учурда спортто жүргөнүмө 4 жыл болду. Алгачкы жолу 2016-жылы Ош шаарында эркин күрөш боюнча мелдешке катышып, 3-орунду алгам. Ошол мезгилден тартып Кыргызстанда өткөн бир топ мелдештерге катыштым. Спорт чөйрөсүнө кадам таштап баштаганымда көп кыйынчылыктар болду. Салмагым оор болгонуна байланыштуу турнирлерде жеңилип да жаттым. Андан сырткары жаракат алган учурлар дагы болот. Бирок машыгууну таштабай келе жатам. Жумасына 6 күн 2 сааттан машыгам. Келечекте спорт жаатында көптөгөн ийгиликтерди жараткан мыкты спортчу болуп, эрежесиз эр таймаш боюнча Кыргызстандын желегин желбиретүүнү көздөп жатам», - деди ал.

Мушкер жигит үй-бүлөдө жалгыз уул.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1178
Көп окулду
×