Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусуБаткен району 29.01.2018 18:13

«Мекендештер»: Европадагы онго жакын өлкөнү кыдырган баткендик Ж.Атамбекова билимин улантуу үчүн Түркиядан Чехияга кетти (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Баткен районунун Кызыл-Жол айылында өскөн 25 жаштагы Жайнагүл Атамбекова. Учурда ал Чехиянын Прага шаарында студенттерди алмашуу программасы менен магистратурада окуп жатат. Аймактык кабарчы алыстагы студенттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Түркиядагы Сельчук университетинде окуп жатып, Erasmus+ алмашуу программасы аркылуу Прагадагы университеттердин биринде окуусун улантууда.

«Баткен облустук гимназия-мектебин 2011-жылы бүтүрүп, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин экономика жана башкаруу факультетине кабыл алындым. Ал жерде 1 жыл даярдоо курсунда окуп, 4 жыл бакалавр окудум. Университетти артыкчылык диплом менен бүтүрүп, «Түркия стипендиялары» программасынан чакыруу алдым. Сельчук университетинде магистратурада окуп жатып, Erasmus + алмашуу программасы аркылуу Прага шаарындагы университетке тапшырдым. Азыр ал жерде 2-курста окуп жатам», - деди ал.

Жайнагүл Атамбекова Европадагы 10го жакын мемлекетти жана 13 шаарды кыдырып чыкканын белгиледи.

«Дүйнөлүк стандартка ылайык билим берген окуу жайда окуу, тил үйрөнүү, башка элдин маданиятын, элин таануу, алардын жакшы жактарын үйрөнүү жана Кыргызстанга кайтып келип, топтогон тажрыйбамды колдонуп, өлкөмө салым кошуу максатында чет өлкөдө билим алуудамын. Окуумдун арты менен 10 мамлекет жана 13 шаарды көрүп, саякаттап келдим. Тактап айтканда, Чехия (Прага шаары), Бельгия (Брюссель), Голландия (Амстердам), Германия (Берлин, Франкфурт шаарлары), Польша (Варшава, Гданьск, Вроцлав шаарлары), Италия (Рим), Испания (Барселона), Франция (Париж) , Венгрия (Будапешт) жана Австрияны (Вена) кыдырып чыктым», - деди ал.

Мекендешибиз аталган мамлекеттердин артыкчылыгы менен кемчиликтерин айтып берди.

«Артыкчылыктары албетте, баарынын экономика, технологиясы өнүгүп, илим-билимге, дүйнөлүк стандартка жооп берген өнүккөн өлкөлөр экенинде. Ошондой эле шаарларына, айлана-чөйрөгө, тарыхый эстеликтерине аяр мамиле жасаганы, карапайым калктын жок дегенде англис тилин билгендиги жылуу таасир калтырды. Өзгөчө жакканы дээрлик бардык мамлекеттердеги транспорт системасы болду. Анткени алардын ыңгайлуулугу, ылдамдыгы, түрлөрүнүн көптүгү, капчыгыбызга (орточо баада) да ыңгайлуулугу, убакытка бекемдиги, коопсуздугу жакшы таасир калтырды.

Ал эми, терс таасир калтырган жагын айтсам, жаңыдан Европага келгенде, айрыкча Чехия мамлекетинин Прага шаарында көчөдө жана транспортто мени аябай таң калуу, жаман көрүү же корккон көз караштар менен караганы абдан жан кейитти. Анткени мен ислам динибиздин парздарын толук аткаруу менен хиджаб кийип жүрөм. Бирок ислам дини жана мусулмандар тууралуу дүйнөдөгү жаңылыш ой-пикирлер, көз караштар жан кейитээрлик экен. Буга карабастан мындай көз караштарга көнүп кеттим. Албетте алардын бул көз карашын, мамилесин жакшы тарапка бурууга аракет кылып, өзүмдүн жүрүм-турумум, аларга жылуу мамилем менен адептүүлүгүмдү көрсөтүп, жылмаюу менен караганга аракет кылып жаттым. Менин кесибим ишкердүүлүк менен байланыштуу болгондуктан барган, көргөн өлкөлөрдөгү бизнес чөйрөсүнүн өнүгүү деңгээлин байкап, баамдап жүрдүм. Келечекте өзүмдүн тармагымда мыкты адистердин катарын толуктагым келет жана туулуп-өскөн жерим — Баткенде элдин муктаждыгына жооп берген ишканаларды ачуу пландарым бар.

Чет мамлекеттерден көп үлгү алсак болот. Мисалы, Голландияда калктын дээрлик көпчүлүгү унаа колдонушпайт. Анын ордуна велосипед колдонушат экен. Бул айлана-чөйрөгө болгон абдан жакшы мамиле деп эсептейм. Ал эми, Германиянын транспортторунун убакытка тактыгы жакшы таасир калтырды. Венгриянын улуттук орнаменти биздикине абдан окшош экен. Европанын жана Түркиянын жарандарынын көпчүлүгүнүн китеп окуганы абдан жакты. Мисалы аэропортто, бекеттеги күтүү залында же сейил бактарда, транспорттордун ичинде китеп окуп отурган адамдар абдан көп экен», - деди мекендешибиз.

Ж.Атамбекова 4 бир туугандын улуусу.

«Үй-бүлөөдө 4 бир тууганбыз. 2 иним жана сиңдим бар. Менин ушул даражага жетүүмө себепкер
болгон ата-энеме, дайыма жардам берген жана колдогон бир туугандарыма, досторума, ошондой эле мугалимдериме ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×