Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баткен

Баткендиктер жеке менчик топоздорун бактыруу маселеси боюнча акимчиликке кайрылышты

Turmush -  Баткен районунун топоз асыраган тургундары өз ара пикир келишпестиктердин айынан акимчиликке кайрылышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Алардын айтымында, СССР учурунда колхоздо багылган топоздор 1996-жылы жеке менчикке өтүп, Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн элине берилген. Бирок топоздорду алгандар ортодон бир чарба түзүп, алар 2001-жылдарга чейин жакшы көбөйбөгөндүктөн Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн тургуну Акылбек Өмүрбековго бактыра башташкан. Жыйынтыгында алардын саны 750 башка чейин жеткен. Жыл сайын айыл өкмөттүн тургундары 80 баш топозду алып, керектөөлөрүнө жумшашат. Акылбек Өмүрбеков 2013-жылы ооруга байланыштуу көз жумуп, топоздорду анын уулу Мунарбек Өмүрбеков карап калган.

2017-жылдын башында Мунарбек Өмүрбеков өз каалоосу менен топоздорду тапшырат. Атайын комиссия түзүлүп, топоздорду Пайзилла Шайдулаев аксакалга тапшырышкан. Жергиликтүү тургундардын ичинен «топоздорду Мунарбек Өмүрбековдон Пайзилла Шайдуллаевге тартып алып беришти» деп нааразы болгондор чыккан.

Бирок буга макул болбогондор райондук администрацияга барып, Пайзилла Шайдуллаев топоздорду тартып албагандыгын, аны эл өзү шайлагандыгын билдиришип, бул маселени чечип берүүнү суранышты.

Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибрагимов топоздор жеке менчик болгондуктан бул маселени аталган тургундар өз ара макулдукка келип, чечишип алышы керектигин билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1711
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×