Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Баткен

Бала тили — бал: Жээнбеков менин досум, - 2 жаштагы Айдай (видео)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой-жүгүртүүлөрүнө көп маани бербей калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз — ата-энеси менен Баткендин Кара-Булак айылында жашаган 2 жаштагы Айдай Төрөбекова.

- Айдай, телефон деген эмне?

- Жазат.

- Канча жаштасың?

- 2 жаштамын. Акемден 2 жашка чоңмун.

- Кайсы акең?

- Кылычбек. Кылычтын аты Кылычбек.

- Кыргызстандын президенти ким?

- Атамбайич.

- Жээнбеков ким анда?

- Менин досум.

- Каяктан жаралгансың?

- Москвадан келгем, атам, апамды таштап келгем.

- Апаң качан келет, эмне алып келет?

- Бөбөк апкелет. Мен карайм.

- Чоңойсоң ким болосуң?

- Энеме окшош болом.

- Баткен деген эмне?

- Баткен деген Ош.

- Кайсы бала бакчага барасың?

- Оюнчук садике.

- Качан чоңоёсуң?

- Мен катта (чоң) кызмын.

- Апаң качан келет?

- Кече келет.

- Колуңдагы акчаны ким берди?

- Москадан алып келгем.

- Иштеп алып келдиңби?

- Ооба.

- Кимди сүйөсүң?

- Асеманы.

- Ырдайсыңбы?

- Ооба (ырдап кирди)

Лелин биздин атабыз

Атабызга капабыз.

Окуу, окуу дегенде,

Окуу жайга шашабыз.

Окуу жайды бүткөнчө,

Он торпокту сатабыз.

Диплом колго тийгенде,

Орусияга качабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 815
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×