Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 29.01.2018 13:11

Баткенде электр энергиясы өчкөн учурларда чукул чаралар көрүлүп жатат

Turmush -  Баткен шаары менен райондо күнүмдүк электр энергия 600 миң кВт. сааттын тегерегинде пайдаланылууда. Бул тууралуу Баткен райондук электр тармактар ишканасынын башчысы Каламбек Маркаев билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясын көп колдонгон кээ бир жерлерде авария болуп, электр энергиясы өчүүдө. Бирок адистер убагында барып, оңдоп-түздөп, электр энергиясын берүүгө аракет көрүп жатышат. Мындай абал айрыкча Баткен шаарында катталууда.

Ал эми, район аймагында элдин басымдуу бөлүгү көмүр пайдаланышкандыктан электр энергиясын азыраак колдонушат. Кээ бир мекеме-ишканаларда атайын трансформаторлор оңдоп-түзөөдөн өткөндүктөн авариялык абал катталган жок. Учурда кыш мезгилине карата Баткен шаарын жана районун электр энергия менен камсыздоого толук мүмкүнчүлүк бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×