Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Фото — Баткенде 4 ай мурда курулушу бүткөн мектеп колдонууга берилбей жатат

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылында курулушу 4 ай мурда аяктаган мектеп колдонууга берилбей турат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, 375 орундуу мектептин курулушу 2014-жылы башталып, өткөн жылы толук аяктаган. Андан бери 4 ай өтсө да колдонууга берилбей, тургундардын нааразычылыгын жаратууда. Учурда окуучулар 1978-жылы курулган эски мектепте окуп жатышат.

«Курулуш бүтүп даяр турат. Бирок окуучулар дагы деле эски мектепте окуп жатышат. Көмүр жагылган 3 кабаттуу мектеп окуучусу жок турат. Октябрь айында ачылышы болот деп айтылган. Ачылышы болбоду, январда дешти, анда да ачылбады», - деди айыл тургуну Абдиллаким Абдураимов.

Мектеп директору Таалай Эрматовдун айтымында, мектепти президенттик шайлоонун алдында ачмак болушкан.

«С.Эрматов атындагы орто мектеби 1978-жылы курулган. Мектеп эски болгондуктан бир имараты жарактан чыккан. Ага окуучулар батпай, 3 кабаттан турган 375 орундуу мектептин курулушу 2014-жылы башталган. Өткөн жылдын октябрь айында толук курулушу аяктап, колдонууга даяр болду. Президенттик шайлоонун алдында президент келип ачып бермек болгон. Бирок ачылышы болбой калды, эми ачылат. Мектеп толугу менен даяр», - деди Эрматов.

Кара-Булак айылында бул мектептен сырткары дагы бир мектеп бар. Айылда жалпы 500дөн ашуун окуучу билим алат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3369
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×