Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 26.01.2018 11:58

Айыл турмушу: Кызыл-кыялык К.Эрматов жылына 150дөн ашык тойду башкарат (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы тургуну Канатбек Эрматов жылына 150дөн ашык тойду алып барат. Аймактык кабарчы тамада менен таанышты.

29 жаштагы Канатбек Кадамжай районуна караштуу Майдан айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

- Кантип тамадалыкты аркалап калдыңыз?

- 2009-жылы ойдо жок жерден эле тамадалык башталган. Кафеге башка эле иштер менен кирсем, музыкант тааныш агам менден «колуңдан эмне иш келет?» деп сурап калды. А мен «бирөө акча төлөсө жанында сүйлөп туруу колумдан келет» деп жооп берсем колума микрофонду карматып, туулган күнгө арналган кечеде алып баруучу болушум керектигин айтты. Кафеде 15тей адам бар болчу. Мен сыр бербей микрофонду колго алып саламдашып, туулган күн менен куттуктадым. Аларга кезеги менен сөз берип, кызыктуу оюндар менен алып баруучулук кылдым. Кийин кафенин администратору мени чакырып колума 80 сом акча берип, күнүгө ушинтип тамада болуп иштөөнү сунуштады. Ошол күндөн тартып тамадалыкка кадам таштагам.

- Биринчи жолу алып барган үлпөй той кандай өттү?

- Алгачкы жолу үлпөт тойдо тамадалык кылганымда 150 сом беришкен. Ал кезде студент болчумун. Ал акча мага 1 жумага жетет эле. Кадамжайдагы тойканага барсам тамада жок экен. Айла жок эч кандай программасыз тойду алып баргам. Той жакшы өтүп, коноктор ыраазы болгон.

- Тамадалык кылып жатканыңыздагы эсте калган кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз.

- Тойдо кызыктуу, күлкүлүү окуялар көп болот. Кээде сүйлөп жаткан сөздөрүбүздөн адашып, эптеп тууралап кеткен учурлар болот. Бир тойдо келин конокторго жүгүнүп жатса, бир кичинекей бала жүгүрүп барып келиндин көйнөгүнүн ичине кирип кетип баарыбызды күлдүргөн.

- Кесибиңиздин кыйынчылыктары барбы?

- Башкалардын жашоосунда бир жолу болуучу үлпөт тоюн өз мойнуңа алып, ишеничти актап, жакшы өткөрүп берүү жоопкерчилигин сезүү керек. Себеби ата-эне ак ниет менен балдарынын тоюн күтөт. Тойду той ээлеринин оюндагыдай өткөрүп берүү биздин милдетибиз. Сүйлөгөн ар бир сөз маанилүү. Тойго келген жаш балдардан тартып, аксакалдарга чейин сөздөрүбүздү түшүнүшү керек.

Бир тойдо күйөө баланын карындашы келип, «бүгүнкү тойдо «ата» деген сөздү колдонбойсуз, себеби бизди атабыз таштап кеткен» деп шарт койду. Той бүткөнгө чейин бир топ кыйналдым. Себеби тойлордо ата-эне деген сөздү көп айтабыз.

- Тамадалыктан башка дагы эмне иш кыласыз?

- Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүндө 5 жыл иштедим. Азыр Кызыл-Кыя колледжинде жаштар комитетинин жетекчиси болуп иштейм. Андан сырткары элдин жакшылыгында кызмат кылган тамадалар, камерачылар, музыканттар чогулуп, «Ак-Ниет» борборун түзгөнбүз. Ай сайын чогулуп, өз ара спорт оюндарын өткөрүбүз жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам берип турабыз. Кыйналып жашаган, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга тоюнда акысыз кызмат кылганга даярбыз.

- Жылына канча той алып барасыз?

- Жалпылап алганда 1 жылда 150дөн ашык тойдо тамадалык кылам. Акчасы келишим баада, ар бир той ээсинин шартына жараша болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×