Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Баткен

Айыл турмушу: Кызыл-кыялык бийчи кыз Бегайым театрда иштеп жатат (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 21 жаштагы тургуну Зайлабидин кызы Бегайым тойлордо бийлеген кыздарга бий үйрөтөт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинен эле бийлегенге кызыгат. Өзү да тойлордо бийлеп, 1,5 миң сомго чейин акы алат.

«Атам музыкант болгондуктан бийге, музыкага болгон кызыгуум кичине кезимден эле башталган. Айрыкча сахнада мыкты бийлеген кыздарды карап, мен да бийчи болууну кыялданчумун. Алгачкы жолу сахнада 16 жашымда бийлеп баштагам. Мектепти аяктагандан кийин Ош шаарынын Бабур атындагы музыка-драма театрында окугам. Учурда Кызыл-Кыя шаарында бийчилер тобунда хореограф, Оштогу Бабур театрында бийчимин. Келечекте ушул кесибимди улантып, көп ийгиликтерди багындырсам дейм», - деди ал.

Бийчи кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1461
Көп окулду
×