Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Баткен

Айыл турмушу: Лейлектик 70 жаштагы Тоту апа 35 миң сомдук килемдерди токуйт (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын 70 жаштагы тургуну Тоту Гүлбаева 60 жылдан бери килем согуп киреше табат.

Өзүнүн айтымында, бул өнөрдү Лейлекте өзү теңдүүлөрдүн көпчүлүгү билет. Бирок аны колго алып, ишкердик кылгандар аз. Анткени мындан 30-40 жыл мурда эле ар бир кыз өзүнүн себи үчүн килем токучу.

«4-классымдан баштап килем сого баштагам. Өз себиме да өзүм даярдагам. 5 килем токуп бергем. Бизде жүл килем жана араби килем бар. Аны жалгыз өзүм 1 айда даярдап бүтөм. Ал эми 4 киши болсок 15 күндө даяр болот. Ага койдун 300 кг жүнү керектелет. Ак жүн Лейлекте аз болгондуктан Бишкектен 100 сомдон алдырабыз. Даяр болгон килемди 35 миң сомго чейин сатам. 1 айда 25 миң сомдой киреше табам.

Кышында кыйын болот. Жайкысын сыртта деле сого беребиз. Кошуна-колоң баары жыйылып согуп калабыз. Кардарлар көп, анткени Баткен аймагында ар бир кызды узатарда сепке араби килемден кошушат. Бизге атайын Бишкектеги, Оштогу мейманкалардан да кардарлар келишет», - деди ал.

Тоту апа учурда айылдагы кыз-келиндерге килем согуунун ыкмаларын үйрөтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1325
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×