Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 23.01.2018 13:34

Кызыл-Кыяда футбол боюнча шаардык чемпионат башталды

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын спорт комплексинде шаардык футбол чемпионаты башталды. Бул тууралуу шаардык спорт комплекстин футбол боюнча машыктыруучусу Моминжон Мурзаев билдирди.

Анын айтымында, 18 жаштан жогорку оюнчулардан куралган 8 команда катышып жаткан чемпионат 21-январда башталды. Ар бир команда 6 миң сомдон мүчөлүк акы төлөгөн. Мелдештер жума сайын эс алуу күндөрү өтүп турат. Финал март айында өтүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×