Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 23.01.2018 08:31

Айыл турмушу: Лейлектик К.Коңурбаева чапандарды тигип, күнүнө 1000 сом табат (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айылынын 35 жаштагы тургуну Канышай Коңурбаева чапандарды тигип сатып, кошумча киреше табууда. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча башталгыч класстардын мугалими. Бирок иштеген эмес. 6 жылга жакын убакыттан бери Кыргыз почтасынын Кулундудагы бөлүмүндө иштейт. Айлык маянасы 5000 сом. Жолдошу устачылык кылат. Маяна аз болгондуктан чеберчилик кылып, кийим тигип, кошумча акча табат.

Буга чейин бейөкмөт уюмдардан 100 миң сом акча алып, тигүүчү 3 машина сатып алган. Учурда аялдардын жана мырзалардын кийимдерин тигет. Бир күндө 1-2 чапан тигүүгө жетишип, 1000 сомго чейин каражат табат.

Чебер айым 3 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×