Turmush - Дилшод Султанов менен Адыл Эркебаев Баткендеги жыгач устаканада эшик-терезелерди жасап беришет. Аймактык кабарчы уста достордон кабар алды.
Өздөрүнүн айтымында, Баткенге Өзбекстандын Кокон аймагынан келишкен. Устакананы ижарага алып, күн сайын буйрутма менен эшик-терезелерди жасап жатышат. Эшиктин квадрат метри 2000 сом, терезенин квадрат метри 1500 сомдон бааланат. Даяр эшиктер 9000 сомго чейин сатылат. Эшик-терезелер жалаң гана жыгачтан жасалат. Күнүнө 10го жакын эшик-терезе жасап, күнүнө 50 миң сомго чейин киреше табууга болот.
Устакана кышында суук болгондуктан жыгачтын таарындылары (опилка) жагылчу меш жасап алышкан. Ага 2-3 кап таарынды салышса 10 саатка чейин жылуулук берип турат.