Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 15.01.2018 18:47

Айыл турмушу: Баткендик К.Эгембердиев Москвадан кайтып келип, устакана ачты (фото)

Turmush -  Баткен районунун Боз-Адыр айылынын 33 жаштагы тургуну Кубатбек Эгембердиев желим эшик-терезелерди жасаган устанака ачып иштетүүдө. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 11-классты аяктаган соң жумуш издеп Москвага кеткен. Ал жакта ар кандай жумуштарда иштеп жүрүп, Баткенде чакан устакана ачууну чечкен. Ал үчүн мындан 7 ай мурун 3 жылдык мөөнөт менен 250 миң сом насыя алып, эшик-терезелерди жасаган устанака ачты.

Учурда ай сайын 9500 сомдон насыя төлөйт. 1 айда 20 миң сомго жакын киреше таап жатканын кошумчалады. Бирок кыш мезгилинде буйрутмалар аз болуп жатат. Жумуш жаз, күз мезгилинде күч алат.

«Кыйналсаң да өз элиң, өз жериң, үй-бүлө, бир туугандардын жанында иштегенге жетпейт экен. Бул жумушту баштоо менен Россиядан кутулдум. Ошол жактан тапкан акчаны бул жактан да тапса болот экен», - деди ал.

Уста-ишкер 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×