Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Фото - Кадамжайда 6 бөлмөлүү үй толугу менен өрттөндү

Turmush -  Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Таш-Дөбө айылындагы турак үйдөн өрт чыкты. ӨКМдин маалыматына караганда, аянты 240 чарчы метр 6 бөлмөлүү турак үй толугу менен өрттөнгөн.

Ошондой эле, курулуш материалдары, үй эмеректери жана тиричилик техникасы күйгөн. Адамдар жаракат алган жок. Өрткө жылытуучу мештерди жана морлорду куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1319
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×