Turmush - «Айдаркен» сымап комбинатынын кайрадан ишке кириши менен 200 адам жумуш менен камсыз болду.
Комбинаттын жетекчиси Толубай Салиевдин айтмында, жумушчулардын саны 15 күндүн ичинде эки эсеге көбөйүп, 400 киши жумуш орун менен камсыз болот. «Айдаркен» сымап комбинатынын шахтасын суу каптап калгандыктан 10 жылдан бери иштебей турган. 2017-жылдын июль айында комбинаттын жетекчилиги башка ишкана менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, иш аткарыла баштаган. Натыйжада 6 айга жетпеген убакта 660 метр тереңдиктеги шахтанын суусу насостор менен тартылып, сырье өндүрүүгө толук шарт түзүлдү. 10 күндүн ичинде кен казуу жумуштары башталат.
Учурда сымап өндүрүү үчүн суу каптап калган шахтанын суусун тынымсыз сордуруп турууга толук шарттар түзүлгөн. Эскилиги жеткен тетиктер алмаштырылган. Аймакта сымаптын дагы 40 жылга жетчү кору бар.