Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Ош

Элдик уламыштар: Басмачылар көзүн тазалаган А.Жээнбековдун ысымы айылында сакталып калды

Turmush -  Союздук республиканын куралганына 10 жылдан ашкан убакытта дагы жер-жерлерде басмачы бай-манаптар жашырынып жашашканы тарых барактарынан белгилүү. Бул жолу аймактык кабарчы басмачылардын колунан өлүм тапкан адамдын ысымы берилген айылдын аталышы тууралуу маалыматтарды тактады.

Кара-Суу районуна караштуу Мамажан айылынын аталышынын тарыхы 1930-жылкы колхоз уюштуруу убагына такалат. Мамажан айылы Кара-Суу районунда инструктор болуп иштеген адамдын атынан калганын айылдын жашоочусу Амангелди Абдубаков тарыхый окуяларга токтолуу менен айтып берди.

«Биздин айылдын аталышы көп жолу өзгөрүүгө учурады. Азыр айылыбыз Мамажан деп аталат. Айылдын аталышы тууралуу бир эле версия бар. 1930-жылдары биздин айылда колхоз уюштурулган экен. Кара-Суу районунда инструктор болуп иштеп жүргөн Аматжан Жээнбеков биздин айылда колхоз уюштурууга активдүү катышкандардын бири болгон. Биздин айыл дал ошол Аматжандын атын жаңылыш атоо менен Мамажан болуп калган», - деди ал.

Басмачылардын колунан ажал тапкан инструктор Өзгөн районунан болгон.

«Анда басмачылар толук жоюла элек убак экен. Алар коммунисттерди абдан жаман көрүшчү дешет. Ошол 1930-жылы биздин айылда колхоз уюштуруп жүргөн Аматжан Жээнбековду Токо паңсат (басмаылардын башчысын паңсат деп аташкан) Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Абад деген айылга алып барып, ошол жердеги үйдө өлтүргөн деп айтылып жүрөт. Бул Аматжан Жээнбектовдун улуту тууралуу да бир нече жоромолдор бар. Айрымдар аны өзбек улутунан дешсе, кээ бири түрк улутунан деп айтып жүрүшөт. Бирок кыргыз аксакалдын айтканы боюнча, бул кишинин улуту кыргыз болгон», - деди А.Абдубаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1383
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×