Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баткен

393 млн сомго аткарылган иштер: Баткен шаарында 2017-жылда ишке ашкан долбоорлор

Turmush -  Баткен шаарында 2017-жылда жалпы суммасы 393 млн сомго жумуш аткарылды. Бул тууралуу Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен 97 млн сом каралган. Мэриянын бюджетинен 18 млн сомдук жумуш аткарылган. Жеке ишкерлерден, чакан ишканалардан 41 млн сомдук, инвестиция тартуу менен 36 млн сомдук иштер аткарылды.

Билим берүү тармагы:

Билим берүү тармагы боюнча 25 млн сомдук жумуштар аткарылды. Кызыл-Жол жана С.Айтматов атындагы орто мектебинин ашканалары оңдоп-түздөөдөн өткөрүлүп, окуучулардын ысык тамак менен камсыздалышына шарт түзүлдү. В.Ленин атындагы орто мектебинин 8 классынын полдору алмашып, мектептин биринчи кабатындагы эшик-терезелер жаңыланды. Жергиликтүү тургундардын, жеке ишкерлердин колдоосу менен Базар-Башы жана Кызыл-Жол кварталына жабык типтеги спорттук зал курулуп, салтанаттуу түрдө ачылды. Шаар аймагына ачык типте 10го жакын спорт аянча курулган. Бул жылы 4 окуучу республикалык олимпиадага катышып байгелүү орундарды камсыздашты.

Өнөр жай жана курулуш тармагы:

Бул тармакта шаарда жалпы 23 млн 200 миң сомго ветеринардык лаборатория, өрткө каршы күрөшүү мекемелери ачылды. 57 млн сомго Кызыл-Жол кварталында 140 орундуу бала бакча курулууда. Элдин саламаттыгын сактоо үчүн шаарга 139 млн сомго поликлиника, 14 млн сомго биофабрика курулуп, пайдаланууга берилди. Шаар ичинде 4 км жолго асфальт төшөлдү. Шаардагы көчөлөргө тротуарлар жана суу ноолору курулуп, «Жаңы доорго 40 кадам» программасынын алкагында 10го жакын ишкана ачылып, 9 көчө жарыктандырылды. 2018-жылы дагы бир топ жумуштарды аткаруу пландалууда.

Айыл чарба тармагы:

Айыл чарбасы боюнча 2017-жылы баардык көрсөткүчтөр толугу менен аткарылды. Жылдын жыйынтыгы менен 11 млн сомго жакын инвестиция тартылды. Анын негизинде сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу, шаар элин айыл чарба продукциялары менен камсыздоодо күнөсканалар курулуп, шаардын бир топ тургундарына жумуш орун түзүлдү.

Финансы тармагы:

Өткөн жылы республикалык бюджеттен жана жергиликтүү бюджеттен коюлган пландар 100% аткарылып, 6-7 млн сомго өсүү менен жыйынтыкталды. Жергиликтүү бюджеттин 1 жылдык акчасы 2016-жылы 12,5 млн сомго аткарылса, 2017-жылы 18,5 млн сомго аткарылган. Быйылкы жылы 24-25 млн сомго жакын каражатты шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн сарптоо пландалууда. Президент быйылкы жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялап, анын алкагында республиканын аймагынан 20 шаар долбоорго киргизилип, анын катарына Баткен шаары да кошулган. Анын алкагында С.Айтматов орто мектеби, Кызыл-Жол орто мектеби, Кызыл-Дөң кварталына бала бакча жана 600 орундуу мектеп, Базар-Башы кварталына 140 орундуу бала бакча куруу пландалууда.

Аты-жөнү: Рахимов Мамыржан Тойчиевич

Туулган жылы: 1968-жылы 19-август

Улуту: Кыргыз

Дареги: Баткен шаары

Билими: Жогорку, 1999-2005-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан юрист адистигине ээ болгон

Билген тилдери: кыргыз, орус

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы

Эмгек жолу:

- 1985-1986-жылдары Баткен ветеринардык станциясында ветеринар-санитар;

- 1986-жылы Баткен азык комбинатында жумушчу;

- 1986-1988-жылдары Советтик армияда кызмат өтөгөн;

- 1988-1989-жылдары Баткен азык комбинатында жумушчу;

- 1994-2003-жылдары «Тойчу» дыйкан чарбасынын директору;

- 2003-2008-жылдары «Баткентранс» муниципалдык ишканасында механик;

- 2008-жылы «Энергоснаб» ЖАКтын директору;

- 2012-жылы Баткен шаардык кеңешинде депутат;

- 2017-жылдын январь айынан тарта Баткен шаарынын мэри.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2338
Көп окулду
×