Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баткен

Акча маселесинен улам Лейлектеги Ак-Суу дарыясына дамба курулбай жатат

Turmush -  Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү Ак-Суу дарыясына салына турган дамба акча маселесинен улам курулбай жатат. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, дарыянын суусу элдин бир топ үлүш жерин жууп кеткен болчу. Бул жерлердеги 500 метр аралыкка сметалык баасы 60 млн сомдун тегерегиндеги атайын дамба курууга долбоор даярдалган. Бирок акча маселеси чечилбей, дамба азыркы күнгө чейин салынбай турат. Эгер дамба жасалса 50 гектарга жакын жерди өздөштүрүүгө болот.

Облус жетекчилиги бул маселе боюнча өкмөткө кайрылуу жасала тургандыгын билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1735
Көп окулду
×