Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-март
Баткен облусуБаткен району 08.01.2018 11:20 Жаңыланды: 27.02.2019 18:16 На русском

Айыл турмушу: Күнүнө 5 миң сомго чейин тапкан 70 жаштагы тигүүчү Козубай ата кыздарынын себин өзү даярдаган. Видео

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылынын 71 жаштагы туругуну Маматов Козубай ата кыздарга сеп даярдап, сайма сайып, курак курап, төшөк каптайт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы чебер аксакалдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, тигүүчүлүк менен 50 жылдан бери алектенет. Анын колунан чыккан курак, төшөктөр учурда жүздөгөн үйлөрдө кездешет.

Бала кезден башталган чеберчилик

8 жашымдан тартып тигүүчүлүккө аралашкам. Таенем тигүүчү болчу, кийиз, терилерден буюмдарды тикчү. Анын бычып таштап койгон кездемелерин алып, тиге берчүмүн. Ошондон үйрөнүп кеттим. Анан мектепте окуп жүргөн кезде форма тигүү башталды. Ошондо бүт мектеп боюнча форманы мен тиккем. Эжекем 2 кызды кошуп, акысыз тиккенбиз. Ал убакта рахмат айтса баары бүтө берген. Ошентип окууну аяктаганымда мени мектепке ишке алып калышты. 80 сом айлык менен иштеп баштагам. Ошентип 1 жыл мектепте иштеп, андан сырткары тигүүчүлүктү аркаладым.

Аскерде да тигүүчү болдум

Анан аскердик кызматка чакырылдым. Аскерде жанымдагылардын кийимин тигип берип, чоңун кичирейтип берсем аны командирге айта салышыптыр. Ал мени чакырып, «ушундай өнөрүң бар экен, иштейсиңби?» деди. Мен макул болуп, бардык аскерлердин кийимдерин тигип жүрүп, милдетимди аяктадым. СССР убагында райондогу тигүү цехинде жетекчилик кылып, андан соң кесиптик лицейде кыздарды тигүүчүлүккө окуткам. 300дөй кыз-келин менден үйрөнүп, азыр иштеп жүрүшөт.

50 жылдан бери иштеп келе жаткан тигүүчү кара машина

50 жылдан бери азыр колдонуп жаткан машина менен иштеп келе жатам. Азыр аялым жардамчым. Баш кошконубузга 25 жыл болсо ошондон бери мен жасай алган нерсенин баарын үйрөнүп, азыр өзү тигет. Азыр пенсияга чыккам. Байбичем экөөбүз буйрутма алып иштеп жатабыз. Тиккендерибизди өзүбүздүн «Самаркандек» базарына алып чыгып сатабыз. Анан кыздарга сеп даярдап сатабыз. Буйрутамалар Баткен чөлкөмүнөн тынымсыз түшүп турат. Менин колумдан чыккан сайма, курак, көрпөлөр учурда жүздөгөн үйлөрдө кездешет. Бул тубаса талант, ушул өнөр менен жан багып келе жатам. Тиричилигибиз ушул тигүү машинасы менен өтөт.

Балдарымды үйлөнтүп-жайланттым. Кыздарымды турмушка бердим. 3 кызымдын да себин өзүм даярдагам. Кыздын себин даярдоого 1 жума убакыт кетет. Тигүүчүлүктөн эле күнүнө 5000 сомго чейин киреше тапса болот.

Козубай аксакал 3 кыз, 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.58% (892)
«РСК Банк»
27.8% (544)
«Айыл Банк»
9.35% (183)
...
Всего голосов: 1957
×