Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 08.01.2018 11:48

Лейлектин 2017-жылдагы ийгиликтери: Жаңы ооруканалар, мектептер, миңдеген мал

Turmush -  Лейлек районунда 2017-жылы бир топ долбоорлор ишке ашырылды. Бул тууралуу райондун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Анын айтымында, Лейлек районунда 9 айыл өкмөт, 1 шаар бар. Калкынын саны 136 миңден ашуун.

Билим берүү тармагы:

2017-жылы 2 мектеп пайдаланууга берилип, дагы 2 мектептин курулуш иштери жүрүп жатат. Баул айылында 220 орундуу, Кайрагач айылында 275 орундуу мектептер курулду. «Акчыйыр» билим берүү борбору колдонууга берилди. Тогуз-Булак айылында 225 орундуу мектептин, Ак-Суу айылындагы 375 орундуу мектептин, ошондой эле 4 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Алардын курулушуна респуликалык бюджеттен 150 млн сомго жакын акча каралган.

Ал эми, 2018-жылы респуликалык бюджеттин эсебинен 3 бала бакча курулат. Арабдардын каржылоосу менен дагы бир мектептин курулушу пландалууда. Бүгүнкү күндө район аймагында 24 миңден ашуун окуучу билим алууда. Окуучулар билим деңгээлдери боюнча быйыл мыкты көрсөткүчтөргө жетишти.

Саламаттыкты сактоо тармагы:

Саламаттыкты сактоо тармагында Лейлек районунда эл аралык уюмдардын, ар кандай кайрымдуулук фонддордун каржылоосу астында 2017-жылы Самат айылында, Көк-Таш айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Алга жана Тайлан айылдарында фельдшердик-акушердик пункттар курулду. Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборунда Япония элчилигинин каржылоосу менен терапия жана төрөт бөлүмү жаңы жабдыктар менен камсыздалып, оңдоодон өткөрүлдү. Райондук аймактык ооруканага долбоорлор аркылуу заманбап жабдыктарды алууга аракеттер көрүлүп жатат. Учурда Лейлек районунда 300гө жакын дарыгер элге кызмат кылып келишет. Бардык тармактар боюнча азырынча дарыгерлер жетиштүү.

Айыл чарба тармагы:

Лейлек району айыл чарба багытындагы район болуп саналат. Элдин басымдуу бөлүгү дыйканчылык жана мал чарбасы менен алектенет. 2017-жыл бул тармакта да ийгиликтүү жыл болуп, 16 миң тоннага жакын буудай, 14 миң тоннага жакын арпа жыйналды. Бул көрсөткүчтөр менен район элин дан менен толук камсыздап, эспорттоого да мүмкүнчүлүк бар.

Кулунду, Жаңы-Жер, Сумбула, Тогуз-Булак, Лейлек айыл өкмөттөрүндө 20 гектардан ашуун жерге тамчылатып сугаруу менен көп жылдык бак-дарактарды өстүрүп, суунун тартыштыгына ылайыктуу дыйканчылыктын технологиялары өздөштүрүлө баштады. 2017-жылы райондун аймагында 200 гектар жерге карасай сортундагы буудай эгилип, гектарынан 22 центнерден түшүм алынды.

Лейлек районун комплекстүү өнүктүрүү планынын алкагында Сумбула, Ак-Суу айыл аймактарында жана Исфана шаарында 3 муздаткыч кампа, 2 касапкана, жасалма уруктандыруучу 1 пункт ачылды. АРИС уюму тарабынан мал чарбасын колдоо программасынын алкагында элге керектүү болгон техникалык жабдыктар алынды.

Мал чарба тармагы:

2017-жылы район аймагында 40 миңге жакын бодо мал, 168 миңден ашуун жандык мал, 2,5 миңден ашуун жылкы бар экени такталган. Малды идентификациялоо иштеринин биринчи этабы ийгиликтүү аяктап, алдыда экинчи этабы жыйынталмакчы. Район аймагында эт багытындагы гиссар койлорду өстүрүү жакшы жолго коюлган. Сүттү кайра иштетүү үчүн Бешкент айыл өкмөтүндө БУУнун колдоосу менен жакында чакан ишкана ачылат. Эгерде ишкана курулса күнүнө 1 бир тонна сүт кайра иштетилип, район элин сапаттуу сүт азыктары менен камсыздайт.

Чек ара боюнча:

Лейлек району Тажикстандын 6 району менен чектешет. Чек арада чечүүнү талап кыла турган маселелер бар. Алар боюнча өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатат. Райондун тургундары кошуна эл ынтымакта тиричилик кылып келет. Бирок жайытты пайдаланууда айрыкча Арка токой чарбасындагы, Сумбула, Ак-Суу айыл өкмөттөрүндөгү жайыттарда кошуна мамлекеттер менен маселелер жаралып келет. Катта-Туздагы газ жана нефти скважиналарынан чыккан продукцияны Кыргызстанда иштетүү боюнча маселе чечилиши керек.

Алдыга пландар:

2018-жылы Лейлек райондук администрациясы райондун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата республикалык деңгээлде 90 чоң иш-чара өткөрүүнү пландоодо. «Таза коом» программаларынын аткарууда ар бир район жашоочуларынын талаптарын эске алуу менен өкмөт тарабынан келтирилген программалардын негизинде калк арасында кеңири талкуулар жүргүзүлүп, ар бир талаптар эске алынып, алардын үстүндө иш пландар түзүлүп жатат. 2018-жылы «Максат Дюкер-2» долбоорун ишке ашырууга аракеттер көрүлөт.

Андан сырткары, Сүлүктү—Тамды—Тогуз-Булак унаа жолунун курулушу башталат. Бул долбоор Сүлүктүү шаарынын көмүрүн элге арзан баада жеткирүүдө чоң мааниге ээ болот. Анын курулушу менен жолдун узундугу 100 чакырымга кыскарат.

Акимдин өмүр жолу:

Аты-жөнү: Бекмуратов Баймурат Асатович

Туулган жылы: 1961-жылдын 2-сентябры

Туулган жери: Лейлек району Искра айылы

Улуту: кыргыз

Адистиги: инженер-технолог

Аскердик наамы: Ага лейтенант

Билген тилдери: кыргыз, өзбек, тажик, орус

Хоббиси: аңчылык кылуу, жер кыдыруу, китеп окуу

Эч бир партияга мүчө эмес.

Эмгек жолу:

- 1983-1985-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда ага лаборант;

- 1985-жыл – лоборатория башчысы;

- 1985-жыл – Фрунзе политехникалык институтунда технология факультетинин комсомол комитетинин катчысы;

- 1986-жыл – стажер-изилдөөчү;

- 1987-жыл – кенже илимий кызматкер;

- 1988-жыл – военторгдо инженер-технолог;

- 1990-жыл – «Кыргызпобребсоюз» ишканасында 1-категориядагы инженер-технолог;

- 1991-жыл – Лейлек райондук даярдоо канторасында иштеген;

- 1994-жыл – «Евгения» фирмасында жетекчи;

- 2000-жыл – Сүлүктүдөгү «Туңгуч» ишканасында жетекчи;

- 2004-жыл – Лейлек райондук кино-видео дирекциясында жетекчи;

- 2008-жыл – насыя боюнча адис;

- 2009-2012-жылдары – жеке ишкер;

- 2012-2016-жылдары – Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы;

- 2016-жылдын февраль айынан тарта Лейлек районунун акими.

Баймурат Бекмуратов 5 бала, 8 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×