Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баткен

Баткендин Согмент айылынын тургундары чек араны зым менен тосууну суранышууда

Turmush -  Баткен районунун Өзбекстан менен чектешкен Согмент айылынын тургундары чек араны зым менен тосууну суранышууда. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдиришти.

Айыл тургуну Кочкорали Артыкбаевдин айтымында, элеттиктер малын эле эмес, балдарын да кайтарып калышты. Анткени чек ара тосулбай, Өзбекстан тарапка өтүп кеткен мал кайтпай да калат. Согменттиктер 4 жылдан бери Өзбекстандын Хушяр айылынын эли менен мамиле кылбайт.

«2013-жылы болгон Чарбак окуясына чейин Хушяр айылы биздин Кара-Суу булагыбыздан суу тартып ичишчү. Биз алардын базарынан турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды, азык-түлүктү алып турчубуз. Баткен шаарына жалаң документ иштери менен гана барып турчубуз. 4 жыл мурдагы окуядан бери элибиз Хушяр айылы менен алаканы үздү. Ошондон бери кошуна болуп жашаган өзбек-кыргыз бири-бирине салам да беришпейт. Той-аштарга барып турчубуз, азыр чек арадан өтө албайсың. Малыбызды эле эмес балдарды да кайтарып калдык», - деди ал.

Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент айылы Өзбекстандын Хушаяр айылы менен чектешип, эки айылдын аралыгы 50 метрге да жетпейт.

«Корообуз бир, жолубуз бир, тообуз бир, мал өтүп кетет экен. Аны кайтарып алуу үчүн чек арачыларына кайрыласың. Болбосо 4 жыл мурункудай жаңжал чыгып кетеби деп өзүбүз чек арадан өтүүдөн кооптонобуз. Жаш балдарга да көз салып турасың», - деп кошумчалады айылдын тургуну Муктарали Амирбеков.

Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибраимовдун айтымында, Согмент айылы менен Хушяр айылынын чек арасы такталбагандыктан тосулбай турат.

«Бул өкмөттүк деңгээлдеги маселе. Биз буга кирише албайбыз. Чек ара эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу такталышы керек. Андан кийин тосууга мүмкүн болот. Буга чейин деле бул маселе көтөрүлгөн», - деди Ибраимов.

Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент, Чарбак, Таян жана Сай айылдары Өзбекстан менен чектешип, анын ичинен Согмент айылындагы чек ара тилкеси такталган эмес. Мындан улам такталбаган аймак тосулбай турат.

Ал эми, Баткен облусунун жетекчилигинин маалыматына караганда, азыркы учурда Кыргызстандын Баткен облусу менен Өзбекстандын Сох районунун чек арасынын 85% такталган. Алдыда чек араны демаркациялоо, тосуу жумуштары аткарылат.

Согмент айылы чек арадагы айыл болгондуктан айыл элинин коопсуздугу, жергиликтүү бийликтин, ички иштер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын көзөмөлүндө. Акыркы 4 жылда аталган айылдын элинин жашоо-шартын жакшыртуу максатында айылга чек ара бекети, чек арачыларга 8 батирлүү үй, ФАП, спорт зал курулуп, таза суу түтүгү тартылган. Эки элдин ынтымагын бекемдөөгө багытталган маданий жана спорттук иш-чаралар байма-бай өтүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4710
Көп окулду
×