Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баткен

Айыл турмушу: 80 жаштагы Эркебай ата согменттиктер 12 уруудан тараганын тактап чыкты (фото)

Turmush -  Баткен районунун Согмент айылынын 80 жаштагы тургуну Турсунбаев Эркебай айылдаштары 12 уруудан тараганын тактап чыкты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, айылдаштарынын ата-бабаларын 3 жылдан бери иликтеп келген. Учурда элеттиктердин 90% тарыхын тактап чыкты. Согмент айылындагы 500гө жакын кожолук 12 уруудан тараганы такталды.

«3 жылдан бери айылыбыздагы тургундардын кайсы уруудан экендигин жана жети аталарын аныктап көрдүм. Бирок көпчүлүктө маалымат аз болгондуктан кээ бирөөлөрдүн төртүнчү же бешинчи атасынан ары таба албай калдык. Учурда айылдагы элдин 90 пайызынын жети атасын, урууларын аныктадым. Айылдын эли кыпчак, таз, легмен, чардагай, чайырчы, акназар, моокан, найман, нойгут, кырксадак, карамоюн, манаш деген 12 уруудан тараптыр.

Нарбото бий биздин бубабыз болушу мүмкүнбү деген ой менен жети аталарыбызды аныктадым. Эгерде ал биздин бубабыз болсо менин жетинчи атам болушу керек эле. Бирок Нарбото бийге байланыштуу эч нерсе таба албадым», - деди аксакал.

Эркебай ата 40 жылдай мектепте орус тилинен сабак берип эмгектенген.

«1970-жылдары окууну бүтүп, айылга келип мектепте эмгектенгем. Эгерде ошол убакта тарыхты тактоого киришкенимде ал убактагы аксакалдардан маалымат алып, Өзбекстан менен кирди-чыкты жакшы болуп турганда Коконго барып, музейден маалымат топтосом болмок. Ошондо бул убакка чейин ишимдин жыйынтыгы чыкмак. Убакытты артка кайтарууга болбойт экен. Азыр эми төшөккө мыкталып, карылыкка моюн сундум», - деди Эркебай ата.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3906
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×